Долбоор тууралуу

Mreport.kg  аянтчасы ар бир жаранга өзүн тынчсыздандырган көйгөйлөр боюнча өз пикирин билдирүүгө мүмкүндүк берет, ал маселелер жол коопсуздугу, мектеп формасы же коррупция көйгөйү болушу мүмкүн.

Аны ишке ашыруунун үч мүмкүнчүлүгү бар:

Эгерде сизге 28 жашка чыга элек болсоңуз, анда жаштар үчүн СМС сурамжылоого катыша аласыз. Сурамжылоо алкагында жөнөтүлгөн СМС билдирүүлөр абонент үчүн толугу менен акысыз.

Сурамжылоонун жыйынтыктары КР СИУИ тарабынан иизилденет. Көйгөйлөр аныкталат, чечимдер иштелип чыгат жана жооптуу мамлекеттик органдарга жөнөтүлөт. 

Эгерде сиз кайсыл бир маселе боюнча талкуу баштагыңыз келсе, анда сиз коомдук талкуу үчүн тема түзө аласыз. Жарандарды көп катышкан белгилүү талкуулар жаңылыктар басылмаларына жарыяланат.

Эгерде сизде биздин өлкөнү жакшы жакка өзгөртө турган мыкты идея бар болсо, сиз аны бардыгы менен бөлүшө аласыз жана башкалар канчалык колдой турганын дагы билүүгө мүмкүнчүлүк бар. Кеңири колдоого ээ болуп, 2000 добуш топтогон идеялар Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту тарабынан ошол маселе боюнча жооптуу мамлекеттик органга расмий кат түрүндө сунушталат. 

Сиздер ошондой эле, сайттын рубрикасында карталар, макалалар жана жаңылыктар менен тааныша аласыздар.