М-репорт калктын аярлуу катмарынын шарттарын жакшыртуучу инструмент катары

М-репорт калктын аярлуу катмарынын шарттарын жакшыртуучу инструмент катары

 

Биз менен Кыргызстанда жарым стационардык туруктуу кызмат көрсөтүүлөрдун борборун өнүктүрүү боюнча  Кыргыз Республикасында балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылган бейөкмөт уюмдар бирикмесинин юристи Медетов Мирлан менен маектештик.

М-репорт: Мирлан, айтынызчы, жарым стационардык борбор деген эмне жана көйгөй эмнеде ?

Мирлан: Кыргызстандын жарандары жакшы жашашы керек жана өнүгүүгө мүмкүнчүлүкторү болушу керек, бул үчүн социалдык саясат ар кандай социалдык кызматтарды көрсөтүүнүн үстүндө курулушу керек бул нерсе өз кезегинде калктын аялуу катмарынын абалын жакшыртат жана келечектеги өлкө бюджетин, азыркы  экономдоого оболго түзөт  .

Негизги кызматтын үч түрү бар:

·        үйдө көрсөтүлгөн (социалдык патрондоо)

·        жарым стационардык борборлорунда

·        интернаттык уюмдардын кызматы  

Чындыгында, айыл аймактарында интернтаттардын тышкары башка кызматтар жок. Ошону үчүн атайын билимди, жогорку квалификацияны жана кымбат баалуу жабдыктарды талап кылбаган эн жөнөкөй социалдык кызматтары уюштуруудан баштоо керек. Жергиликтүү жааматтардын денгээлинде базалык, миималдуу, специалдышпаган, бирок өлкө тарабынан кепилденген социалдык кызматтардын түрлөрүн ишке ашыруу зарыл.    

Жөнөкөй тил менен айтканда, күндүз кабыл алган борборлор ачылды, ал жакта мүмкөнчүлүгү чектелген балдар жана чондор бир нече саат убактысын өткөрө алышат, аларга минималдуу жардам көрсөтүлөт, андан тышкары жакыр үй-булөөдө жашаган  балдар да келип китеп окуй алышат, компьютер менен иштей алышат, кол өнөрчүлүктү өздөштүрө алышат, жалгыз калган каарылар келип, жууна алышат, башкалар менен маектешүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар, уй жайсыз адамдар болсо санитардык тазалоодон өтүп керектелген даары дармеке ээ боло алышат .        

М-репорт: Бул этапта көйгөйдү чечүү үчүн кандай чаралар көрүлүүдө ?

Мирлан: 2016 жалдын аягында социалдык көйгөйлөр, билим берүү, маданият, саламаттык сактоо боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин комитети тарабынан калктын аялуу катмары үчүн коомдук кызмат көрсөткөн  жарым-стационарлык туруктуу объекттердин социалдык кызматтарын туруктуу өнүктүрүү боюнча  Кыргыз Республикасынын мыйзамын жакшыртуу боюнча  Жумушчу топ түзүлгөн. Мыйзам долбоору жогоруда көрсөтүлгөн маселелерди чечүүгө өбөлгө түзөт жана конкреттүү сунуштарды бере алат.

М-репорт:   Сурамжылоонун жүрушүндо сизге эмнени билүү манилүү эле ? Сурамжылоо жыйынтыктары мыйзам долбоорунун максатына таасирин тийгиздиби?

Мирлан: Биздин уюмубуз үчүн оор абалда калган адамдарын муктаждыктарын жана керектөөлөрүн аныктоо маанилүү эле, алар бул абалдан кантип чыгаарын билгибиз келген, андан тышкары жашап жаткан жеринде кандай социалдык кызматтар керектөөлөрүн билгибиз келген. Сурамжылоо мыйзам долбоорунун кабыл алынышы үчүн маанилүү болуп саналат, анткени мыйзам долбоору  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көрсөтө турган тейлөө кызматтарды сунуштайт, кызматтар болсо жер жерлерде көрсөтүлөт. Бул этапта бул  болсо кыйын абалда калган адамдардын пикирин эске алуу менен, мыйзам долбоорунда аныкталган кызматтардын түрлөрүн өзгөртүүгө мүмкүчүлүк бар.       

М-репорт:   Бул сурамжылоо өлкөдөгү абалды аныктоодо кантип жардам берди?

Мирлан: Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, жарым стационардык борборлорду өнүктүрүү керек экендигин аныктады. Көпчүлүк респонденттердин айтуусу боюнча алар жардам үчүн бул борборлорго кайрылат эле, бирок тилекке каршы алар азыркы убакытта жер жерлерде жок.    

М-репорт:   Сурамжылоо жыйынтыктарына кандай комментарийлерди берет элениз?

Мирлан: Сурамжылоо жыйынтыктары жергиликтүү кызматтарды өнүктүрүү үчүн зарыл болгондугун  дагы бир ирээт далилдеди,  биздин уюм да мыйзам долбоорунун зарыл экендигине кыйла ишеними көтөрүлдү.

 

Азырынча түшүндүрмөсүз...

Түшүндүрмө калтыруу

Сурамжылоо авторизациялоо жана катто

Прими участие в опросе! Отправь слово АЛГА на номер 4747 (бесплатно)