Жаңылыктар

«Жаштар – ар бир шаардын жана айылдын келечеги!» форумуна катышууга чакырабыз.

10 октября 2018

«Жаштар – ар бир шаардын жана айылдын келечеги!» форумуна катышууга чакырабыз.

Кымбаттуу достор: Активисттер, окуучулар жана студенттер!

Сиздерди 2018-жылдын 6-ноябрында өтө турган «Жаштар – ар бир шаардын жана айылдын келечеги!» форумуна катышууга чакырабыз.  

Форумдун тапшырмасы: Жаштар менен ЖӨАБО бирге аракеттенүүсүн жакшыртуу (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен)

Форумдун катышуучулары өздөрүнүн шаарындагы же айылындагы жашоо шартын жакшыртуучу демилгелерди ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бийлик менен байланыш түзүүнүн эң мыкты механизмдерин аныкташат.

Анын жыйынтыгы ноябрь айынын ортосунда Бишкекте өтө турган Мэрлер-форумунда жарыяланат.

Форумдун ишине Кыргызстандын жаштарынын эң активдүү өкүлдөрү, эл аралык уюмдар, эксперттер жана ЖМК катышат.

Катталуу үчүн сизге ушул шилтеме боюнча катышуучунун билдирмесин толтуруу зарыл: https://goo.gl/forms/SwBWw0f5Ij3XLjz82

Кабыл алуу мөөнөтү: 9-октябрдан 29-октябрга чейин.

Форум КР СИУИ менен Кыргызстандагы БУУ Балдар фонду (ЮНИСЕФ) биргелешип ишке ашырып жаткан «М-Report» долбоорунун алкагында өткөрүлөт. 

 

Прими участие в опросе! Отправь слово АЛГА на номер 4747 (бесплатно)

Азырынча түшүндүрмөсүз...

Түшүндүрмө калтыруу

Сурамжылоо авторизациялоо жана катто