Жаңылыктар

«М-Репорт»: 81% Кыргызстандын жаштары тамак алдында колун жуушат

7 августа 2017

«М-Репорт»: 81% Кыргызстандын жаштары тамак алдында колун жуушат

«М-Репорт»: 81% Кыргызстандын жаштары тамак алдында колун жуушат

7 август 2017

 

 «М-Репорт»  долбоору тарабынан республика боюнча өздүк гигиена эрежелери боюнча масштабдуу социологиялык изилдөө жүргүзүлдү. Кыргызстандын жаштары  канчалык денгээлде  өздук гигиена эрежелерин кармангадыгын аныктоо үчүн КР СИУИ жана ООН Балдар Фонду (ЮНИСЕФ) менен биргеликте ишке ашырылган  «М-Репорт» долбоорунун алкагында «Гигиена» темасында сурамжылоо жүргүзүлдү.   

Сурамжылоого бардык Кыргыз Республикасынын аймактарынан 774 респондент катышты.

Сурамжылоодон алынган маалыматтар боюнча (95,2%) тишин тазалоого күнүгө мүмкүнчүлүгү бар экендигин билдиришти, ошол эле маалда  4,8% тиштерин күнүго тазалоого мүмкүнчүлүгү жок. Эгер Бишкек жана башка региондор боюнча жыйынтыктардын бөлүп карасак, жалпысынан экөө бирдей  – 94,5% респондент Бишкектерден тышкары башка аймактар жана  95,9% Бишкектиктер тишин күнүгө тазалашат . Тиш тазалоонун жыштыгы боюнча,  49% тиштерин күнүнө 2 жолу жуушат,  42% бир күндө бир жолу,  4,2% күнүнө экиден коп жолу.     

Гендердик планда карасак, 54,5% аял жынысындагылар тишин күнүнө эки жолу тазалашат, ошол эле маалда 38,3% эркек жанысындагылар ушул вариантты тандашты. Гендердик айырмачылыктардын тышкары, жаш боюнча да айырмачылыктар бар. 14 жашынан 24 жашка чейинкилер тиштерин күнүнө 2 жолу тазалашса, 25 жаштан өйдөдөгүлөр бир гана жолу.

Жана, 81% сурамжылоого алынгандардын тамак астында колун дайыма жуушат, 17% кээде гана .

 

 

«Күнүнө канча жолу жуунасын» деген суроо кийинки жыйынтыктарды берди, респонденттердин көбү (64,6%) күнүгө жуунушат, ошол эле учурда 35,4% күнүгө эмес (шарттардын жок болушунан улам). Бул суроо аймактык айырмачылыкты көрсөттү, Бишкек шаарында башка аймактагылардан көбүрөөк жуунушат, 68% ке 61,1% каршы.

 

 

Сурамжылоо жыйынтыгы боюнча, 66% кыргызстандыктар жеке шейшеп, жууркандары, бет аарчы, жана тарак колдонушат . Башкалары (19%) жогорудагыларды ата-энеси жана (3,9%) бир туугандары менен бөлүшүшөт. Жашыраак болгон рспонденттер өйдөдө белгиленген буюмдарга өзүлөр ээ экендигин көрсөттү, бирок жаш өткөн сайын алардын саны кыскарып кетет .

 

 

Бирок, ага карабастан, кийим, бут кийим сыяктуу өздүк болууга тийиш болгон нерселерди, көбүнчөсү  (69,3%) өзүлөрү кийишет, ошол эле маалда кээ бирилери, мисалы, 12,4% айтуусу боюнча алар мисалы ата-энесинен киймдерди алып кийип турушат, 12% туугандардан,  6,3% досторунан. Андан тышкары, аялдардын жана эркектердин жоопторунда айырмачылыктары бар: айымдарын үчтөн бири бироолордүн кийимин кийип турууга алышат, ошол эле маалда буну эркектердин бештен бири гана кылат.  

.

 

Жана дагы сурамжылоо жашаган үйдө же респонденттер иштеген жерде нымдуу тазалоо канчалык маанилүү экендигин көрсөттү.  Жыйынтыктар боюнча, 42,9% өйдөдөгү иш чараларды күнүгө жасашат, 25,2% үч күндө бир,  22,7% жумасына бир, 4,7% эки жумада бир, 1,3% бир айда бир, жана  3,2% нымдуу тазалоону өтө сейрек жасашат.

Жыныс боюнча, маалыматты карасак, аял жынысындагылар бөлмө тазалоону эркек респонденттердин көбүрөөк кылышат.

Аймактык бөлүнүшү боюнча, Бишкекте нымдуу тазалоону башка региондордон караганда аз жасашат, 36,5% Бишкектен болгон респонденттерден тазалоону күнүгө жасашат, ал эми башка региондогулар 49,5%.

 

Кошумча дагы, сурамжылоо тамак алдында колду жуубаса кандай оорулар менен ооруп калуу мүмкүн экендиги тууралуу маалымдуулугун көргөздү.  Ошентип, 81,8% гепатит А (боткина), гельминтоз, дизентерия сыяктуу оорулардын себеби кир колдор экендигин билишет. Биро, калган бөлүгү (18,2%) кол жуулбаса кандай ооруулар пайда болоорун билишпейт.

.

 

«Гигиена» сурамжылоосун жыйынтыгы, жалпысынан жаштардын көбү гигиена сактоо эрежелери тууралуу маалыматы бар, бирок башка да өздүк гигиенанын маанилүүлүгүн билбеген жана аны карманууда шарттары жок болгон боөлүгү да бар. Ошол үчүн, жаштар гигиена тууралуу тренингтерди, семинарларды, класстык сабактарды откорүп туруу керек, андан тышкары гигиенаны сактоого шарты болбогон жерлерде керектүү шарттарды түзүп берүү зарыл.  

Маалымат үчүн:

 «М-репорт» Кыргызстандын жаштары арасында маанилүү коомдук көйгөйлөр тууралуу СМС- каттар аркылуу ой-пикирлерди  чогултуу максатында ишке ашырылган долбоор. Сурамжылоого катышуу үчүн жаш улан-кыздар «АЛГА» сөзү менен 4747 кыска номерине Кыргызстандын баардык уюлдук операторлорунун номери менен СМС жиберүүсү керек. СМСтер анонимдүү жана акысыз экендигин белгилей кетүү зарыл. Сурамжылоолор бир айда эки жолу жаштар арасындагы маанилүү темалар боюнча өткөрүлүп турат. Долбоор КР СИУИ жана ООН Балдар Фонду (ЮНИСЕФ) менен биргеликте ишке ашырылган. http://mreport.kg/ru/poll/obshaya-gigiena/results/

 

Прими участие в опросе! Отправь слово АЛГА на номер 4747 (бесплатно)

Азырынча түшүндүрмөсүз...

Түшүндүрмө калтыруу

Сурамжылоо авторизациялоо жана катто