Жаңылыктар

КР СИУИ: 65% жаштар мигранттар калтырган балдарды анча бактылуу эмес деп эсептешет

16 мая 2018

КР СИУИ: 65% жаштар мигранттар калтырган балдарды анча бактылуу эмес деп эсептешет

Ата-энеси миграцияда жүргөн балдарга карата жаштардын пикирин изилдөө үчүн Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту (КР СИУИ) тарабынан БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) менен биргеликте жүзөгө ашырылып жаткан «М-репорт» долбоорунун алкагында жаштар арасында «Мигранттардын балдары» темасында социологиялык сурамжылоо жүргүзүлгөн. 

Мигранттардын балдары темасындагы сурамжылоого 426 респондент катышты. Алардын 60,5% аялдар, 36% эркектер болду, 3,5% өз жынысын көрсөткөн эмес. Аймактар боюнча алганда сурамжылоого катышкан респонденттердин -58,4% региондордун жашоочулары, 5,2% - Ош шаарынын тургундары, ал эми 36,4% Бишкек шаарынын жашоочулары болду.

КР Социалдык өнүктүрүү министрлиги 2016-жылы 316 миң үйдү кыдырып чыгып, 61 миңден ашык балдардын ата-энеси эмгек миграциясында жүргөнүн, алардын көпчүлүгү чет мамлекеттерде экенин аныктаган.

ЮНИСЕФ маалыматы боюнча, социалдык кызматкерлер кыдырган 192 миң үй-бүлөдөн 72 миң баланын ата-энеси чет өлкөлөргө иштөө үчүн чыгып кетишкен.

Аталган сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча 54% респонденттерден эч кимиси (үй-бүлө мүчөлөрү же туугандары) миграцияга кеткен эмес, ал эми 10% - агалары, 8% эжелери жана 18% туугандарын айтышкан. Белгилей кетсек, сурамжылоого алынган жаштардын 4% атасы жана 3% - энеси миграцияда жүрөт.

Сурамжылоо алкагында миграцияда жүргөн ата-энелердин балдарын калтырып кетишине карата жаштардын пикири аныкталды. Суралгандардын 57% бул маселеге абдан терс көз карашта, алардын пикири боюнча, ата-энелер балдарын өздөрү тарбиялоого тийиш жана кандай кыйынчылык болбосун чет өлкөгө балдарын өздөрү менен кошо ала кетиши керек. 19% респонденттер түз көз карашта, анткени алардын айтымында ата-энелер чет өлкөдө акча иштеп таап, кайтып келишет жана балдардын мекенинде калышын коопсуз деп эсептешет. Айрым жаштар жеке пикирлерин дагы жазышкан. Алардын айрымдарына токтолсок, «мигранттар өлкөгө акча салып жатканы жакшы, бирок балдарын тарбиялоо менен ата-энелер өздөрү иштеши зарыл», «мүмкүн болушунча өлкөдөн сыртка кетпөө керек», «андай балдар кысымга кабылат жана ата-энесин сагынат», «туугандар балдарды начар карайт», - деген ойлорун айтышкан. Эгерде гендердик жактан бөлүп карасак, аялдардын 61% ата-энелердин балдарын калтырып кетишине терс көз карашта, ал эми эркектердин 51% балдарды таштоо туура эмес деген ойдо. Ошондой эле, эркектердин 21% ата-энелер миграцияга кеткенде балдарын калтырган туура көрсө, аялдардын 17% балдарды үйүндө калтырууну туура көрөт.

Сурамжылоонун жыйынтыгында кызыктуу тенденция аныкталды, респонденттин жашы канчалык улуу болсо, ал мигранттардын балдарын калтырып кетишине терс мамиледе болот, ал эми жаш респонденттер ата-энелердин мындай кадамын оң баалашат.

Сурамжылоонун маалыматы боюнча, 65% респонденттер мигранттардын балдары анча бактылуу боло албайт, анткени аларга ата-эне мээрими жана колдоосу жетишпейт, 6% буга макул эмес, анткени балдарды туугандардын ишенимдүү колунда деп эсептейт. Айрым респонденттер төмөндөгүдөй ой-пикир калтырышкан: «балдарды ар кандай адамдарга калтырышат жана бала андан бактылуу боло албайт», «балдар алыста ата-энесин сагынат», «өлкөдө жумушсуздар үчүн ишканаларды курушса жакшы болмок».

Ошондой эле, аталган сурамжылоодо респонденттерге кырдаалдык дагы суроо берилген – Эгерде сенин ата-энеңе чет өлкөгө иштеп келүү үчүн кетүүгө туура келсе, сен кандай кылмаксың…. Жыйынтык боюнча, 39% достору Кыргызстанда калганына карабай кетишмек, 29% туугандар менен кала бермек, 12% Кыргызстанда калып, ата-эненин көзөмөлү жок эле жашаганды туура көрмөк. Айрымдары «студенттер жатаканаларда жашай алат», «ата-эне менен чогуу болгон жакшы», «мен чоң кишимин жана ата-энем жок жашай алам», «менин ата-энем мигрант болушун каалабайм», «Кыргызстандан эч жакка кетпейм», - деген ойлорун билдиришкен.

Сурамжылоодо кызыктуу тенденция байкалды, респонденттин жашы канчалык улуу болсо, ал ошончолук ата-энеси менен чогуу болгусу келет. Респондент канчалык жаш болсо, ал ата-энеси менен бирге болууну анча каалабайт же ата-эненин көзөмөлү жок жашагысы келет.

Изилдөөнүн жүрүшүндө, сурамжылоого катышкандардын 33% мигранттардын балдарына башка балдарга кандай болсо ошондой эле мамиле жасалат деп эсептейт, 18% ал балдарды таарынтат деп эсептейт, 7% аларга колдон келишинче колдоо көрсөтөт жана жардам беришет деп ойлойт.  

Ошондой эле, м-репортерлор мигранттардын балдар чет өлкөлөрдө туш боло турган бир катар кыйынчылыктарды белгилешти. 35% жаштар алар кандай кыйынчылыктарга туш келерин билишпейт. 17% - тил билбегенден, 16 – билим алууда, 12% тоотпостук мамилени айтат. Тил билбестикке көп учурда 14 жаштан 19 жашка чейинки респонденттер туш болушу мүмкүн.

Соңунда респонденттер калтырылган балдардын көйгөйлөрүн чечүү жолдорун сунуштаган:

- эмгек акы деңгээлин жогорулатуу;

- мигранттардын балдарын коргоо боюнча программа иштеп чыгуу;

- мигранттардын балдары үчүн ыңгайлуу шарттары бар адистешкен интернаттарды түзүү;

-  мигранттарды мекенинде жумушчу орундар менен камсыздоо;

- өлкөдө саясий жана экономикалык туруктуу кырдаал түзүү;

- үй-бүлөнү пландаштыруу жаатындагы иштерди жакшыртуу;

- жумушсуздукту кыкартуу;

- мигранттардын балдарынын билим алуусу үчүн жөлөк пул жана стипендия төлөп берүү;

- жаңы иш баштаган ишкерлерге жана чакан бизнеске жагымдуу шарттарды түзүү;

- мигранттардын балдары жашаган үй-бүлөлөрдө ай сайын текшерүү жүргүзүү.

Жалпысынан алганда жаштар ата-энеси миграцияда жүргөн балдарга түшүнүү менен мамиле кылаарын белгилөөгө болот жана аларга туруктуу жөлөк пул жана билим берүү менен камсыздоо аркылуу үзгүлтүксүз жардам берүү керек деп эсептешет.

Маалымат үчүн:

«М-репорт» - бул Кыргызстандын жаштарынын маанилүү коомдук маселелерге карата ой-пикирлерин СМС-билдирүү аркылуу чогултууну максат кылган долбоор. Сурамжылоого катышуу үчүн жаштар алгач Кыргызстандын бардык байланыш опероторлору аркылуу 4747 кыска номерине «Алга» сөзүн жөнөтүү менен катталуусу зарыл. Белгилей кетсек, бардык ССМ билдирүүлөр анонимдүү жана акысыз. Сурамжылоо жаштар арасында бир кыйла маанилүү маселелер боюнча айына 2 жолу жүргүзүлөт. Долбоорду Кыргызстанда КР СИУИ Кыргызстандагы БУУ Балдар фонду (ЮНИСЕФ) менен биргеликте ишке ашырууда. Сурамжылоонун жыйынтыктары http://mreport.kg/ru/poll/deti-migrantov/results/

Прими участие в опросе! Отправь слово АЛГА на номер 4747 (бесплатно)

Азырынча түшүндүрмөсүз...

Түшүндүрмө калтыруу

Сурамжылоо авторизациялоо жана катто