Жаңылыктар

КР СИУИ: 79% жаштар биометриканы тапшырышты жана 76,5% Президенттик шайлоого катышат

13 октября 2017

КР СИУИ: 79% жаштар биометриканы тапшырышты жана 76,5% Президенттик шайлоого катышат

КР СИУИ: 79% жаштар биометриканы тапшырышты жана 76,5% Президенттик шайлоого катышат

13 октябрь 2017

 

Президенттик шайлоонун алдында Кыргыз Республикасынын Изилдөөлөр Институту жана ЮНИСЕФ менен бергиликте ишке ашырылган «М-репорт» долбоорунун алкагында Кыргызстандын жаштары арасында «Шайлоо 2017» темасында социологиялык сурамжылоо жүргүзүлдү.

Сурамжылоонун максаты жаштардын шайлоого болгон катышуучулугун аныктоо жана шайлоо жыйынтыктары боюнча эмнени күтүп жаткандарын билүү, тагыраак айтканда, шайлоо процессине болгон көз карашын аныктоо, талапкерлердин шайлоо программасын/убадаларын кандай баалагандыгын, маалыматтын кайсы булактары алардын тандоосуна таасир этээрин аныктоо, жаштар келечектеги Кыргызстандын Президентинен эмнени күтөт.   

Сурамжылоо смс- каттардын жардамы менен жүргүзүлдү, сурамжылоого 14 жаштан өйдө Кыргыз Республикасынын баардык аймактарынан 753 респондент катышты. Респонденттердин негизги бөлүгүн:  64,8%- 14 жаштан 19 жашка чейинки, 15,4%- 20 жаштан 24 жашка чейинки, 8,9%- 25 жаштан 28 жашка чейинки, 10,9%- 28 жаштан өйдө . Аймактар боюнча респонденттер төмөндөгүчө бөлүндү: 63,5%- Ош шаарынан жана өлкөнүн башка регионунда жашаган респонденттер, 36,5% - Бишкек шаарындагылар.

Ошентип, алынган маалыматтар боюнча, шайлоо катышууга жашы жетпегендерди эске албаганда (32%), 76,5% респондент шайлоого барышаарын айтты. Анын ичинде 50% бул ар бир жарандын милдетти экендигин белгилешти, 15,5% алар тандаган талапкерди колдоо үчүн шайлоого барарын белгилесе, 11%  алардын добушу шайлоодо маанилүү экендигин айтышты, калган бөлүгү 22,5% шайлоого бул себептер үчүн барбарын белгилешти: 9,5% бул шайлоодо татыктуу кандидат жок экендигин билдиришти,  8% шайлоонун ачыктыгына ишенишпейт, 6% аларды добушу президенттик жарышка таасирин тийгизээрине ишенишпейт . 

Биометрикалык маалыматтар боюнча, респондеттерин 11,5% тапшыра элек, бирок жакында тапшырышат,7,5% тапшырыша элек жана тапшырышпайт.

 

Бул сурамжылоонун жыйынтыгы, жалпысынан жаштар алардын добушу Кыргызстандын келечегине маанилүү экендигине терең ишенишип, Президенттик шайлоого даяр экендигин көрсөттү.

Маалымат үчүн:

 «М-репорт» Кыргызстандын жаштары арасында маанилүү коомдук көйгөйлөр тууралуу СМС- каттар аркылуу ой-пикирлерди  чогултуу максатында ишке ашырылган долбоор. Сурамжылоого катышуу үчүн жаш улан-кыздар «АЛГА» сөзү менен 4747 кыска номерине Кыргызстандын баардык уюлдук операторлорунун номери менен СМС жиберүүсү керек. СМСтер анонимдүү жана акысыз экендигин белгилей кетүү зарыл. Сурамжылоолор бир айда эки жолу жаштар арасындагы маанилүү темалар боюнча өткөрүлүп турат. Долбоор КР СИУИ жана ООН Балдар Фонду (ЮНИСЕФ) менен биргеликте ишке ашырылган.

Прими участие в опросе! Отправь слово АЛГА на номер 4747 (бесплатно)

Азырынча түшүндүрмөсүз...

Түшүндүрмө калтыруу

Сурамжылоо авторизациялоо жана катто