Жаңылыктар

КР СИУИ: «Өсүш чекити» болгон 18 шаардын мэрлерине дос жана камкор шаарды/айылды куруу боюнча жаштардын жергиликтүү өз алдынча башкаруудан күтүүлөрүн айтып беришти

3 декабря 2018

КР СИУИ: «Өсүш чекити» болгон 18 шаардын мэрлерине дос жана камкор шаарды/айылды куруу боюнча жаштардын жергиликтүү өз алдынча башкаруудан күтүүлөрүн айтып беришти

22-ноябрда Бишкекте Кыргызстандагы шаарлардын мэрлеринин «Балдар менен жаштарга дос жана камкор шаар» форуму болуп өттү. Иш-чарага өкмөт мүчөлөрү, мэрлер жана мэрия кызматкерлери, облустардагы өкмөттүн ыйгарым өкүлдөрүнүн орун басарлары, эл аралык жана донордук коомчулуктун, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышышты.     

Форумдун башкы тапшырмасы балдар менен жаштардын укуктары менен кызыкчылыгын жүзөгө ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маанисин аныктоо: жергиликтүү өз алдынча башкаруунун балдарга жана жаштарга карата достук чен-өлчөмүн макулдашуу болгон.

Аталган форумга КР СИУИ илимий кызматкерлери Бектемирова Айнур жана Жамиля Кийизбаева катышуучуларга М-Репорттун «Балдар менен жаштарга дос жана камкор шаарлар менен айылдар» сурамжылоосунун жана «Жаштар – ар бир шаардын жана айылдын келечеги» улуттук форумунун жыйынтыгын сунушташты.

Сурамжылоонун максаты – жаштардын жергиликтү өз алдынча башкаруу органарынан дос жана камкор шаар же айылды куруудагы күтүүлөрүн аныктоо жана Кыргызстан жаштарынын достук белгилери боюнча түшүнүгүн билүү болгон.

КР СИУИ илимий кызматкерри Жамиля Кийизбаеванын айтымында, «М-Репорт» сурмажылоосунун жыйынтыгында жаштар үчүн дос жана камкор шаар – бул биринчи кезекте таза, коопсуз жана жарыктандырылган конуш: «Жаштардын пикири боюнча ЖӨАБ органдары шаарды жана айылды тартипке келтириши зарыл, бош анткени жаштар убакытты пайдалуу өткөрүүгө шарт жоктугун дайыма белгилеп келет».

Өз кезегинде КР СИУИ илимий кызматкери Бектемирова Айнур белгилегендей, жаштар депутаттар жана муниципалитет башчылары менен жолугушууларга, жергиликтүү кеңештерге расмий кайрылуу даярдоого, коомдук талкууларга жана бюджеттик угууларга активдүү катышууну каалайт.
Жыйынтыктар ЖӨАБ органдарынын кызматкерлерине маалымдоо жана чечим кабыл алуулардын жүрүшүндө жана  «Жаштарга дос жана камкор Кыргызстан» демилгесин ишке ашырууда жаштардын пикирин эске алуусу үчүн сунушталды.

Сурамжылоонун жыйынтыктары менен ушул даректен таанышууга болот:  http://mreport.kg/ru/poll/vzaimodejstvie-molodezhi-s-omsu-v-razvitii-gorodov/results/


Маалымат үчүн:

«Балдарга жана жаштарга дос жана камкор шаар» эл аралык концепциясы жергиликтүү деңгээлде «Жаштарга дос жана камкор Кыргызстан» деп аталат. Бул концепция өзүнө балдар менен жаштарды алардын бакубатчылыгына байланыштуу чечимдерди кабыл алууга катыштыруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлинде инклюзивдик саясатты киргизүү, ошондой эле, балдар менен жаштарга багытталган ресурстарды бөлүштүрүү стратегияларын камтыйт.

КР Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги БУУНун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) жана коомдук уюмдар менен биргеликте арасында 18 шаар камтылган өзүнчө пилоттук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында «Жаштарга дос жана камкор Кыргызстан» демилгесин ишке киргизүүнү пландап жатат. Алар 2018-2022-жылдарга карата регионалдык өнүгүү концепциясына «өсүш чекити» катары киргизилген.

«М-Репорт» - коомдук маанилүү маселелер боюнча Кыргызстандын жаштарынын пикирин СМС-билдирүү аркылуу чогултууну максат кылган долбоор. Сурамжылоого катышуу үчүн жаштарга Кыргызстандын бардык уюлдук операторлорунан «Алга» сөзүн 4747 кыска номерине жөнөтүп катталуусу зарыл. Белгилей кетсек, бардык СМС билдирүүлөр анонимдүү жана акысыз. Сурамжылоолор жаштар арасында айына үч жолу өзгөчө маанилүү темалар боюнча жүргүзүлөт. Долбоорду Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту (КР СИУИ) жана Кыргызстандагы БУУ Балдар фонду (ЮНИСЕФ) биргеликте жүзөгө ашырууда.

 

 

Прими участие в опросе! Отправь слово АЛГА на номер 4747 (бесплатно)

Азырынча түшүндүрмөсүз...

Түшүндүрмө калтыруу

Сурамжылоо авторизациялоо жана катто