Жаңылыктар

КР СИУИ: Жаштардын ою боюнча, аркыл кыйынчылыктарга карабастан улгайган ата-энелери менен жашоо керек

29 сентября 2017

КР СИУИ: Жаштардын ою боюнча, аркыл кыйынчылыктарга карабастан улгайган ата-энелери менен жашоо керек

 

Кыргыз Республикасынын Изилдөөлөр Институту жана ЮНИСЕФ менен бергиликте ишке ашырылган «М-репорт» долбоорунун алкагында Кыргызстандын жаштары арасында «Жашоонун татаал кырдаалында адамага кантип жардам берүү керек ?» темасында социологиялык сурамжылоо жүргүзүлдү.  

Сурамжылоонун максаты оор кырдаалга дуушар болгон адамдарга болгон мамилесин аныктоо, бул көйгөлөрдү чечүүдө мамлекеттик жана жергиликтүү, үй –бүлөө денгээлде чечүүдө сунуштарды кабыл алуу. Бул сурамжылоо  жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын калктын аялуу катмары үчүн коомдук кызмат көрсөткөн  жарым-стационарлык туруктуу объекттердин социалдык кызматтарын туруктуу өнүктүрүү боюнча  мыйзам долбоорун жакшыртууга жардамын тийгизээрин белгилей кетүү керек. Анткени бул мыйзам долбоор жергиликтүү өз алдынча башкарууларды жер жерлерде көрсөтө турган кызматтарын камтыйт. Андыктан, бул этапта сурамжылоонун жардамы мыйзам долбоордо жазылган кызматтардын түрлөрүн оор абалда калган адамдардын оюн эске алуу менен өзгөртсө болот.     

Бул сурамжылоодо 14 жаштан 18 жакша чейинки 467 адам катышты. Респонденттердин жалпы санынан 35,5 %-эркек жынысындагылар, 61,2 % -аял жынысындагылар, 3,2 %-өзүлөрүнүн жынысын белгилеген жок. Респонденттердин аймактык бөлүнүүсү боюнча жалпы сурамжылоого катышкандардан Бишкектен 46,3%, 53,7%. –Кыргызстандын башка региондорунан.

Ошентип, 76,2% жаштардын ою боюнча ар кыл жашоо абалына карабастан алар улгайган ата-энеси менен жашоого милдеттүү. Ал эми 11,6% ата-энесинен бөлүнүп, аларга алыстан жардам берүүсү керек.  7,7% -аларды күндүзү улгайган адамдарга арналган борборлорго алып барып туруу же болбосо улгайган ата-эне үчүн башка үй-булөө/ туугандарды табып, аларды ошол уйгө орнотуу.  2,1% респондент гана бул учурда ата-энени каарылар үйүнө калтыруу керек экендигин айтышты.

Респондеттерге ата –эненин мүмкүнчүлүгү чектелген баланы багууга шарты жок болсо, эмне кылуусу керек деген суроо берилди. Көбүнчөсү (60,2%)бул учурда «окуудан өтүп жана кыйынчылыктарга карабастан багууну улантуу» . 22,3% фондторго, БОУга, донор же мамлекетке кайрылуу керек экендигин билдиришти, 13,3%  мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга арналган күндүзгү борборлорду тандады, 4,3% балдар үйүно таштоо керектигин билдирсе, 3,2% башка үй-булөө табуу керек экендигин айтышкан.

 

 

Андан тышкары респондентте, жалгыз бой энелердин акча табуу үчүн кетүүгө зарыл болгон учурларда эмне кылуусу керек деген суроо берилди . Бул жерде буга чейинки суроолорго окшоп салттык нормалар өз ролун ойноду, катышуучулардын кобү, 57% ою боюнча балдарды туугандардын/достордун үйүндө калтыруу керек.  Дээрлик бирдей сандагылар балдарды күндүзгү борборлордо калтыруу керек экендигин билдирди (19,3%), жана балдарды таштабай, алар менен калуу (19,3%) варианты. 4,9%гана бул учурда балдарды балдар үйүнө тапшыруу керек экендигин билдирди.    

 

32%респонденттердин ою боюнча, улгайган адамдар, жалгыз бой энелер, мүмкүнчүлүгү чектелген күнүмдүк жашоодо кыйынчылыктарга дуушар болгон адамдарга мамлекет органдардын жардам көрсөтүүсү зарыл. 29% сурамжылоого катышкандар аларга жардам берүү- бул коомдун ар бир мүчөсүнүн милдети деп ойлойт. 24%-туугандардын, 2% -ар кандай БОУлар жана фондтор. 

Мамлекет балдар үйлөрдү жана интернатты каржылоого акча жамшашы керекпи деген суроого, абсолюттук көпчүлүк (91%) оң жооп беришти, 3% гана бул нерсе менен макул болгон жок. 

Мамлекет тарабынан муктаж болгондорго жардам берүүдө көрүлгөн иш аракеттер боюнча көбү (69,2%) бир жолу болсо да бирок, мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн жардамга күбөө болушкан. 31,8% гана күбөө болушкан эмес, анын ичинен   10,5%  мамлекет аларга такыр жардам бербейт деп ойлойт . 

Жыйнтыктар боюнча, бул сурамжылоого катышкан жаштар көбүнчө салттык нормаларга баш ийишет. Ошентип, алар үчүн берилген бардык учурларда жакындардын колдоосу өтө маанилүү, тууган, ата –эне, досторду таштоо кандай гана шарттар болбосун таштап кеттүүгө болбойт.

Жана белгилей кетек турган нерсе, салттык нормалардан тышкары адамдарга болгон мамиле да маанилүү. Эгерде бул учурда адамга терс мамиле жасалса, кийин ал да башкаларга бул кырдаалда да терс мамиле жасап коюшу ыктымал . Мамлекеттин муктаж болгондорго корсоткон жардамы тууралуу айта турган болсок, көпчүлүк мамлекеттин жардам корсотүүдо салымын чоң экендигин белгилейт .   

Маалымат үчүн:

 «М-репорт» Кыргызстандын жаштары арасында маанилүү коомдук көйгөйлөр тууралуу СМС- каттар аркылуу ой-пикирлерди  чогултуу максатында ишке ашырылган долбоор. Сурамжылоого катышуу үчүн жаш улан-кыздар «АЛГА» сөзү менен 4747 кыска номерине Кыргызстандын баардык уюлдук операторлорунун номери менен СМС жиберүүсү керек. СМСтер анонимдүү жана акысыз экендигин белгилей кетүү зарыл. Сурамжылоолор бир айда эки жолу жаштар арасындагы маанилүү темалар боюнча өткөрүлүп турат. Долбоор КР СИУИ жана ООН Балдар Фонду (ЮНИСЕФ) менен биргеликте ишке ашырылган.

http://mreport.kg/ru/poll/kak-pomoch-cheloveku-v-trudnoj-zhiznennoj-situacii/results/

 

Прими участие в опросе! Отправь слово АЛГА на номер 4747 (бесплатно)

Азырынча түшүндүрмөсүз...

Түшүндүрмө калтыруу

Сурамжылоо авторизациялоо жана катто