Жаңылыктар

КР СИУИ: Кыргызстанда «Жаштар – ар бир шаардын жана айылдын келечеги» Улуттук жаштар форуму өтөт

5 ноября 2018

КР СИУИ: Кыргызстанда «Жаштар – ар бир шаардын жана айылдын келечеги» Улуттук жаштар форуму өтөт

2018-жылдын 6-ноябрында шейшемби күнү «Асанбай» маданият борборунда «Жаштар ар бир шаардын жана айылдын келечеги» аттуу жаштар форуму өтөт.

Форум Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту менен Кыргызстандагы БУУ Балдар фонду биргеликте ишке ашырып жаткан М-Репорт долбоорунун алкагында өткөрүлүп жатат («М-Репорт» - коомдук маанилүү маселелер боюнча Кыргызстан жаштарынын пикирлерин СМС-билдирүү аркылуу чогулткан долбоор).  

Иш-чаранын негизги максаты – жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү жаштардын көрүмүн аныктоо жана алардын жаштардын кызыкчылыгына тиешелүү чечимдерди кабыл алууга катышуусун жакшыртуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу.    

Форумга «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жаштардын өз ара кызматташуусун жакшыртуу боюнча натыйжалуу чараларды сунуштоо» аттуу республикалык кароо-сынактын женүүчүлөрү катышат. Ошондой эле, иш-чарага ЖӨАБ, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, активдүү окуучулар жана студенттер, коомдук жаш активисттер, жаштар уюмдарынын өкүлдөрү, М-Репорт респонденттери катышат.  

Форумдун катышуучулары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жаштарды тартуунун бир кыйла натыйжалуу жолдорун аныктайт, ошондой эле, социологиялык сурамжылоо аркылуу өз пикирлерин билдирүүгө шарт түзгөн М-Репорт инструменти менен таанышат.

Форумдун тапшырмаларына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жаштардын ортосундагы кызматташууну куруу жана чыңдоо боюнча тажрыйбалык сунуштамаларды иштеп чыгуу дагы камтылган; КР аймактарынын ортосунда байланыш түзүү жана жаштар демилгелери боюнча тажрыйбаларын алмашууну калыптандыруу; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мааниси менен функциялары жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө жаштардын маалымдуулугун жогорулатуу.

Мындан тышкары, форумда жаштар менен иштешүү багытындагы өсүш чекити боюнча 20 шаардын мэрияларынын ишмердүүлүгүн баалоо индикаторлорунун бет ачары болот. Ал индикаторлор жаштардын чечим кабыл алуу процессине катышуусун камсыздаган шарттарды түзүү үчүн жаштардың өнүгүүсүнө жагымдуу жагдай түзүү боюнча мэриялардын ишин баалоого багытталган. Аталган индикаторлор БУУ Балдар фондусунун (ЮНИСЕФ) «Балдарга жана жаштарга камкор шаар» глобалдык демилгесинин алкагында иштелип чыккан. Аталган демилгени КР Өкмөтү колдоого алган. Ал программа аймактардын базалык өсүш чекити катары өлкөнүн Регионалдык саясат концепциясы 2018-2023 документинде белгиленген 20 шаарда ишке киргизилет.   

Маалым кат:

«М-репорт» - бул маанилүү коомдук маселелерге карата Кыргызстандын жаштарынын ой-пикирлерин СМС-билдирүү аркылуу чогултууну максат кылган долбоор. Сурамжылоого катышуу үчүн жаштар алгач Кыргызстандын бардык байланыш операторлору аркылуу 4747 кыска номерине «Алга» сөзүн жөнөтүү менен катталуусу зарыл. Белгилей кетсек, бардык ССМ билдирүүлөр анонимдүү жана акысыз. Сурамжылоо жаштар арасында бир кыйла маанилүү маселелер боюнча айына 3 жолу жүргүзүлөт. Кыргызстанда долбоорду КР СИУИ Кыргызстандагы БУУ Балдар фонду (ЮНИСЕФ) менен биргеликте ишке ашырууда. Сурамжылоонун жыйынтыктары http://mreport.kg/ru/poll/deti-migrantov/results/


 



H:\документы Айнур\mnenie.kg\Поездки\лого\UNICEF_ForEveryChild_Cyan_Vertical_CMYK_144ppi_RU.jpg

C:\Users\germatov\AppData\Local\Microsoft\Windows\INetCache\Content.Word\UKaid logo.jpg

 

«Жаштар – ар бир шаардын жана айылдын келечеги» Улуттук жаштар форумунун Программасы

 

Асанбай борбор

6-ноябрь 2018-жыл

 

08:30-09:00

Катышуучуларды каттоо

 

Ачылышы

 

Модераторлор – Айнур Бектемирова, Наристе Алиева

09:00-09:10

Шадыбеков Куванычбек Баймуратович, КР СИУИ директору

Юкиэ Мокуо, Кыргызстандагы БУУнун ЮНИСЕФ Балдар фондусунун өкүлү

 

1.1-бөлүк. Чечим кабыл алуу процессине жаштардын катышуусун камсыздаган механизмдер

 

Модератор – Парханов Мирлан

09:10-10.30

1.  Жаштардын ЖӨАБ менен өз ара кызматташуусунун ченемдик чекиттери,    

    ЖДСМА, Парханов Мирлан

2.  ЖӨАБ органдарынын балдар менен жаштардын өнүгүүсү үчүн шарттарды  

    түзүү мүмкүнчүлүгү,

    Өнүктүрүү саясат институту, Айнура Балакунова

3.  Жаштарды өнүктүрүүнүн жергиликтүү стратегиясын иштеп чыгуу,  

    Жарандык катышуу КФ, Аида Курбанова

4.  Жаштар менен мэриянын өз ара кызматташуу формалары

    Балыкчы шаарынын вице-мэри, Алгожоева Бегаим Кадыровна

5.  Муниципалдык деңгээлде балдар саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу  

    процессине балдарды катыштыруу механизми,

     Балдарды коргоо борбору, Эмирханова Айнура

6.  Реалити-шоу «Жашстан»,

Search of Common  Ground, Акылай Каримова

10:30 –11.00

Суроо-жооп

11:00 –11.30

Кофе-брейк

11:30 –11.35

Робин Орд-Смит, Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси

11:35-11:50

«Жаштарга камкор шаар» М-Репорт сурамжылоосунун жыйынтыгы

Бектемирова Айнур, Кийизбаева Жамиля, КР СИУН илимий кызматкерлери

 

1.2-бөлүк. Чечим кабыл алуу процессине жаштардын катышуусун жогорулатуу чаралары

 

Модераторлор – Бектемирова Айнур жана Кийизбаева Жамиля

11.50 – 13.00

1. Жаштардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусу: жаштардын пикири, добушу, мотивация жана демилгелер

2. Кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүк көйгөйүн чечүү боюнча жаштардын ЖӨАБ күтүүсү: чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр  

3. Жаштарды өнүктүрүүнүн жергиликтүү стратегиясы

 

Фасилитатор –Артур Букалаев

Фасилитатор – Назира Касеева

Фасилитатор –Аида Курбанова

13:00-14:00

Түштөнүү

14:00-14:20

Өсүш чекити боюнча 20 шаардын мэрияларынын ишин баалоо үчүн индикаторлордун бет ачаары

Джунушалиев Айбек, Апсаматов Улук, НИСИ КР

14:20-15:30

1. Жаштардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусу: жаштардын пикири, добушу, мотивация жана демилгелер

2. Кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү көйгөйлөрүн чечүү боюнча жаштардын ЖӨАБ күтүүсү

3. Жаштарды өнүктүрүүнүн жергиликтүү стратегиясы

 

Фасилитатор –Артур Букалаев

Фасилитатор – Назира Касеева

Фасилитатор –Аида Курбанова

15.30 – 16.00

Кофе-брейк

16.00 – 17.00

Топтордун бет ачары

17.00 – 17.15

Суроо-жооп

17.15 – 17.30

Жыйынтыктоо. Жабылышы











 

Прими участие в опросе! Отправь слово АЛГА на номер 4747 (бесплатно)

Азырынча түшүндүрмөсүз...

Түшүндүрмө калтыруу

Сурамжылоо авторизациялоо жана катто