Жаңылыктар

"Жаш-Булак" лагеринде "М-Репорт" тууралуу айтып беришти

13 июля 2017

"Жаш-Булак" лагеринде "М-Репорт" тууралуу айтып беришти

"Жаш-Булак" лагеринде "М-Репорт" тууралуу айтып беришти

13 июль 2017

 

Чуй облусунун Джарлы–Каинды капчыгайында "Жаш Булак" жаштардын экинчи форум-лагери башталды. Бул лагерде биринчилерден болуп  "М-Репорт" презентацияланды.  

 

Жаштар чоң кызыгуу менен спикерди угуп, суроолорду беришти жана дагы бул инновациалык продукту тестирлөөдөн өткөрүштү . Белгилей кетсек, азыркы учурда  "М-репорт"  сурамжылоосунун темасы жол кырсыктарына арналган.

Ачылуу аземинде жаштарды жана конокторду ведомствонун директорунун орун басары Мирлан Парханов, КР Жаштар өнүгүү институтунун аткаруучу директору Эльнура Калдыбаева ж.б. тосуп алышты.

Ачылуу аземинде street workout федерациясынын өкүлдөрү мастер-класстарды көргөзүштү. Андан тышкары элдик артист Курмангазы Азыкбаев келди. Ал катышуучулар менен өзүнүн жаш чагы тууралуу, өзүнүн чыгармачыл жолун кантип баштагандыгы тууралуу айтып берди.

Катышуучулар эки агымга болүнүп, эки жума бою минималдуу комфорт шарттарында жашашат. Биринчи агымда өлкөнүн баардык регионунан 300 жана 12 чет өлкөдөн жаш катышуучулар келди.

"М-Репорт" сурамжылоосуна катышуу үчүн "Алга" сөзү менен 4747 номерине СМС жиберип, катталуу керек. Сурамжылоолор эки жумада бир өткөрүлүп турат.

Прими участие в опросе! Отправь слово АЛГА на номер 4747 (бесплатно)

Азырынча түшүндүрмөсүз...

Түшүндүрмө калтыруу

Сурамжылоо авторизациялоо жана катто