Жаңылыктар

«М-репорт» долбоорунун алкагында жаштар арасында «Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук» темасындагы сурамжылоо башталды

10 июля 2018

«М-репорт» долбоорунун алкагында жаштар арасында «Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук» темасындагы сурамжылоо башталды

«М-репорт» долбоорунун алкагында «Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук» темасындагы отуз алтынчы социологиялык сурамжылоо башталды.  Сурамжылоо жаштар арасында СМС-билдирүү аркылуу жүргүзүлөт, ал билдирүүлөр респонденттер үчүн толук акысыз жана анонимдүү.

Катышуу үчүн көптөгөн респонденттер – мектеп, гимназия жана лицей окуучулары, ЖОЖ студенттери жана 28 жаштан улуу жарандар тартылууда. Сурамжылоо үчүн анкета «М-репорт» долбоорунун расмий сайтына http://mreport.kg жайгаштырылган.

Суроолорго http://mreport.kg/ru/poll/ шилтемеси аркылуу жооп берүүго болот.

Сурамжылоого катышуу үчүн жаштар 4747 кыска номерине «Алга» сөзүн Кыргызстандын бардык уюлдук операторлору аркылуу жөнөтүп катталуусу зарыл.  

Сурамжылоо жаштар арасында жумасына 1 жолу бир кыйла маанилүү темалар боюнча жүргүзүлөт.

Бул сурамжылоо 2018-жылдын 10-17-июль күндөрү жүргүзүлөт.

«Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук» сурамжылоосунун жыйынтыгы боюнча жаштардын үй-бүлөлүк зомбулукка карата мамилеси жана үй-бүлөлүк зомбулукка туш болгондо кайда кайрылуу керектиги тууралуу кабардар болуусу аныкталат

Эске салсак, сурамжылоо Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун (КР СИУИ) жана Кыргызстандагы ЮНИСЕФ уюмунун демилгеси менен жүргүзүлүп жатат.

 

 

Прими участие в опросе! Отправь слово АЛГА на номер 4747 (бесплатно)

Азырынча түшүндүрмөсүз...

Түшүндүрмө калтыруу

Сурамжылоо авторизациялоо жана катто